• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде поэзия кечеси болуп өттү

Маданият 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде поэзия кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият министрлигинин демилгеси менен ишке ашкан.

Улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлгөн поэзия кербенине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, министрликтин аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өздүк курамы катышты.

Иш-чарага манасчы, акындар, ырчылар катышып, чыгармаларын тартуулашты. Бул күн 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, жана кыргыздын таланттуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү катары өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий