• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде виртуалдуу окутуу-машыгуу классы ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда виртуалдуу реалдуулук системасы аркылуу окутуу-машыгуу классынын расмий ачылуу аземи өттү.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, KOICA агенттигинин директору Ли Жонгсу жана Interact компаниясынын башкы директору Квон Нам-Хёк катышты.

Кыргызстанда алгач ирет ачылган окуу борбору Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (KOICA) “XR виртуалдык реалдуулук системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу менен ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын арттыруу” долбоорунун алкагында ачылды.

Долбоор Кореянын Interact компаниясы тарабынан ишке ашырылды.

Окуу борбору заманбап техникалар менен жабдылып, өрт өчүрүүчүлөр инновациялык виртуалдык реалдуулук системасынын жардамы менен ар түрдүү кырдаалдарда өрт өчүрүү жөндөмдүүлүгүн арттыра алышат. Мындай долбоор Кыргызстанда алгачкы ирет ишке киргизилүүдө.

Interact компаниясынын адистери ӨКМдин 10 инструкторуна жана 120 өрт өчүрүүчүгө атайын тренингдерди өткөрөт. Андан кийин инструкторлор башка өрт өчүрүүчүлөргө XR системасы аркылуу машыгууларды өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун жалпы баасы 7 млн АКШ долларын түзүп, өрт куткаруу бөлүктөрүн курууну жана керектүү техникаларды сатып алууну камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий