• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жаш жоокерлердин ант берүү аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. 5-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жаш жоокерлердин ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Садовое айылындагы ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда өткөрүлдү.

Жаш жоокерлерди куттуктап, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов аларга жылуу калоо-тилектерин айтып өттү. "Жаш жоокерлер кызмат өтөп жатып, куткаруучулардын иш-аракеттерин өздөштүрүшөт. Борбордо аларды атайын программанын негизинде ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандарга жардам көрсөтүү, издеп-куткаруу иш-аракеттери үйрөтүлөт. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору жыл сайын бир топ адистерди даярдап келген, " - деди министрдин орун басары.

Мындан тышкары Калыс Ахматов жаш жоокерлердин аскердик кызмат өтөөсү ийгиликтүү болуп, ден соолуктары чың болушун каалап өттү.

Пикир

Оставить комментарий