• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы алынып келинди

Коом 0

Бишкек, 22.09.20./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы алынып келинди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаалар Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин жана Африка менен Азиянын Өнүгүүгө Жардам берүү фондунун активдүү жардамы менен, Корей Руспубликасынын Сеул Өрт өчүрүү кызматынын ортосундагы кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында берилип жатат.

Мындан тышкары, аталган документтин алкагында ушул жылдын аягына чейин 2 өрт өчүрүүчү унаа алынып келүүсү пландалууда.

"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Корея тарабынан берилген жардамын жогору баалап, бул жардам Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын элдеринин ортосундагы достук мамилелеринин далили экендигине ишенимин билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий