• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдуулар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабдуулар табигый кырсыктардын түрү боюнча маалымат базасын эффективдүү иштетүү жана башкаруу системасын түзүү үчүн колдонулат.

Жабдуулар ФАО менен ӨКМнин биргелешкен пилоттук долбоорунун алкагында Ош облусунун Өзгөн районуна айыл чарба тармагында табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана табигый кырсыктарга даярдык көрүү боюнча улуттук потенциалды чыңдоо, ошондой эле улуттук деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну колдоо максатында берилди.

Алынган сервердик жабдуулар менен КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти кооптуу табигый процесстердин учурдагы абалына көз салууга мүмкүнчүлүк алды жана бирдиктүү системанын борбордук маалымат базасы катары колдонулат. Республикалык деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдомо алынат.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын айыл чарба тармагына тийгизген таасири боюнча отчет иштелип чыккан. Отчет биринчи жолу климат, өзгөчө кырдаалдар, зыян жана табигый кырсыктардын айыл чарба, токой чарбасы, балык чарбасы жана суу ресурстарына тийгизген таасири боюнча учурдагы жана мурунку маалыматтарды бир документке чогултат. Бул жаңы отчеттуулук методологиясы өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча далилдүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий