• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзгөчө абал учурунда кандай милдеттер жүктөлгөн?

Аймак 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров бүгүн Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде алар тарабынан облус аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, министрликке обсервацияларды уюштуруу, ал жердеги жарандарды үч маал тамак менен камсыз кылуу, обсервациянын абалдарын жакшыртуу, коронавирус чыккан аймактарда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү тапшырылган.

"Ошондой эле гуманитардык жардамдарды, кандай түрдөгү жардам болбосун аны жер-жерлерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Өкмөт тарабынан Жалал-Абад облусуна бөлүнгөн 1,7 миң тонна ун район жана шаарларга жеткирилди. Андан тышкары гуманитардык жардам боюнча 310 тонна бөлүнгөн. Ал дагы Ош шаарынан Жалал-Абад облусунун район-шаарларына жеткирилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий