• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар учурунда бала бакчадагы балдар жүрүм-турум эрежелерди билеби

Аймак 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Ош шаарында Ош облусунун райондорунан келген мектепке чейинки билим берүү (бала бакча) жетекчилерин республиканын аймагында катталып жаткан өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелери жөнүндө сабактар уюштурулду. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул окутуулар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ага-окутуучулар тарабынан уюштурулуп, өзгөчө кырдаал учурунда жүрүм-турум эрежелери, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, өрт коопсуздугу жөнүндө сабактар лекция-презентация түрүндө өткөрүлүп.

Окуу жүрүшүндө табият кырсыгы тууралуу бала-бакча жетекчилери кеңири маалымат ала алышты.

Мындан ары биргеликте машыгуу өткөрүү боюнча сунуштарды киргизишти.

Ош облусунун райондорунан 13 адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий