• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар учурунда облустук медиа борборлор күжүрмөн иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/.Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаал шартында жаңыдан түзүлгөн облустук мамлекеттик медиа борборлор күчөтүлгөн режимде иштеп, Республикалык штаб аркылуу келген бардык тастыкталган маалыматтарды берүү менен, аймактарда жеринен чагылдырып жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков уюштурган видео конференцияда белгилүү болду.

Онлайн конференцияга бардык облустук медиа борборлордун жетекчилери жана Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева катышты.

Медиа борборлордун өзгөчө кырдаалдар шартында иштөөсү тууралуу маалымат менен тааныштырабыз.

Жалал- Абад облусу

“Учурда борбордо 10 туруктуу кызматкер иштеп жатат. Калган кызматкерлер аралыкта иштөөдө. Жалал-Абад облустук медиа борбору Жалал- Абад облусунун коменданты жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен брифинг уюштуруп, обого 30 минута чыгууда. Мындан сырткары, күнүнө короновирус илдети жана облустагы абал тууралуу 4 сюжет жана 5-6 бокс-синхрондор берилип жатат. Жалпы эфирдик сетка 19 саатты түзүүдө”,- деп билдирди борбордун жетекчиси Тургумбай Алдакулов.

Мындан сырткары, Фейсбуктагы “Жалал-Абад облустук медиа борбору” атайын баракчасы аркылуу маалыматтарды берип жатышат.

Эске салсак, Жалал- Абад облусу алгачкы короновирус аныкталган аймак болуп эсептелет. Акыркы маалымат боюнча аймакта 109 адам бул илдетке кабылган.

Ош облусу

Ош шаарындагы “Ынтымак” коомдук- аймактык телерадиокомпаниясы мурдагыдай эле кыргыз, орус жанан өзбек тилинде маалыматтарды чагылдырып жатат. Учурда телерадиокомпаниядагы кызматкерлердин баардыгы аралыкта иштөөдө.

“Бүгүнкү күндө телерадиокомпания КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте башталгыч класстагы өзбек тилдүү мектептердин окуучулары үчүн онлайн сабак тартып жатышат. Облуска өзгөчө кырдаал киргенден тартып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иретинде социалдык роликтерди даярдап, yntymak.kg сайтына жүктөөдө. Аралыкта иштөө менен, кызматкерлер күнүнө 10 мүнөттүк атайын репортаждарды даярдоодо.

Телерадиокомпания республикалык штаб аркылуу берилген бардык брифингдерди ретрансляциялап жатабыз”, - деп билдирди телерадиокомпаниянын жетекчиси Толкунбек Эрмекбаев.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Ош шаарында 101, ал эми облуста илдет жуктургандарды саны 154тү түздү.

Баткен облусу

Баткен облусунун медиа борборунда азыр 30 кызматкер иштөөдө. Алар 3 топко бөлүнүп, 10 кызматкер кезмет менен иштеп жатат. Калган кызматкерлер аралыкта иштөөдө.

Медиаборбор күн сайын кечки саат 19:00дө түз эфирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана медицина өкүлдөрүнүн катышуусу менен 40 мүнөттүк обого чыгып жатат. Ошондой эле, жумасына 2 жолу райондордон топтолгон “Атайын чыгарылыштарды” даярдап элге көрсөтүүдө. Мындан сырткары, короновирус илдети жана облустагы абал тууралуу 4 сюжет жана 4-5 бокс синхрондор үзгүлтүксүз берүүдө. Жалпы эфирдик сетка 17 саатты түзөт.

Ошондой эле, медиа борбордун жетекчиси Алим Токторов билдиргендей, медиа борбордун Фейсбуктагы атайын баракчасы да маалыматтарды берип, эфирде даректүү тасмаларды, архивдеги мурда даярдалган позитивдүү берүүлөр кайталанып берилип жатат.

Учурда Баткен облусунда 6 короновируска кабылган адамдар аныкталды.

Талас облусу

Медиа борбордун кызматкерлери бүгүнкү тапта эки топко бөлүнүп, жалпы 20 кызматкер дем алышсыз иштөөдө. Карантин учурунда Талас облустук мамлекеттик Медиа борбору облустук өкүлчүлүктүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, медицина кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, айыл өкмөттөрүнүн жүргүзүп жаткан иштерин ыкчам берип жатат. Борбор күнүнө Республикалык штабда саат 10.00дө өтүүчү маалымат жыйыны түз алып көрсөтүүдө. Борбор өз күчү менен 10 социалдык ролик даярдаган.

Медиа борбордун кызматкерлери бүгүнкү тапта эки топко бөлүнүп, түзүлгөн график боюнча дем алыш күндөрү жок иштешүүдө.

Учурда кырдаалга ылайык, 5-6 сюжет жана 1-2 бокс-синхрон даярдоодо. Күн алыс түз обого чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен эфирлер уюштурууда.

Жалпы эфирдик сетка 20 саатты түзөт. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк атактуу музейлер, сүрөт көргөзмөлөрү, китепканалар боюнча тартылган даректүү тасмаларды, үй -бүлөлүк, баалуулуктар, ата-энени барктоо, жашоонун, өмүрдүн кымбаттыгын даңазалаган көркөм тасмаларды эфирге берип жаткандагын баса белгилейт Эрмек Үмөтов.

Учурда Талас облусунда короновирус каттала элек.

Ысык- Көл облусу

Ысык- Көл облустук медиа борбору өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын медиа план иштеп чыккан. Учурда 14 кызматкер туруктуу иштеп жатат. Калган кызматкерлер график боюнча аралыкта иштеп жатат. Райондук атайын кабарчылар штаттык режимде иштөөдө. Жаңылыктар топтому күн сайын 6 жолу 30 мүнөттөн чыгууда. Ошондой эле, КРнын мамлекеттик “ЭлТР” телерадиокомпаниясы аркылуу республикалык штабдын брифингдерин жана “Илим жана билим” каналы аркылуу окуучулар үчүн дарядалып жаткан онлайн сабактарды үзгүлтүксүз берип келет. Карантин башталган күндөн тартып, күнүгө кечки саат 20:30 да “Айкын” программасы үзгүлтүксүз чыгып жатат.

Мындан сырткары, карантин учурунда Медиа борбор тарабынан Ысык-Көл облусундагы белгилүү манасчылардын катышуусу менен “Башканы коюуп Манасты айт” программасын иштеп чыкты. Ошондой эле, облустагы фольклер багытындагы артистердин ырларын жаздырып, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын спектаклдарын күн сайын көргөзүп жаткандыгын билдирди директор Чолпон Шаикова. Учурда кичинекей бөбөктөр үчүн “Бөбөктай” берүүсү онлайн режиминде тартылып жатат.

Күн сайын берилүүчү маалыматтар борбордун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бөлүшүп келет.

Учурда Ысык- Көл облусунда вирус жуктургандардын саны 8 түзөт.

Нарын облусу

Нарын облустук медиа борбору тарабынан Корона вирус илдетин алдын алууда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө өкмөттүн кырктан ашуун ар кандай багыттагы видеороликтерин эфирден чыгарууда.

Мындан сырткары медиа борбор элди ынтымакка, биримдикке, тазалыкка жана тартипке чакырган ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн кайрылууларын даярдап эфирден көрсөтүүдө. Мектеп окуучулары да дистанттык окууга өткөндүктөн, эртең мененки гимнастика дене тарбия мугалиминин катышуусунда тартылып күн сайын саат 08:00дө көрсөтүлүүдө.

Ал эми Өкмөттүн маалымат борборунда өткөрүлгөн Брифингдер үзгүлтүксүз медиаборбордун эфири аркылуу түз алынып берилүүдө. Учурдагы кырдаалга байланыштуу элдер үйлөрүндө отургандыктан көңүл ачуу программалары да унутта калган жок. Мисалы ТВ Сахна спектаклдери,таанып-билүү программалары “Билгиң келеби”,”Бул кантип жазалат”,Балдарга арналган “Бөбөк сенин жомогуң” жана жаштарга арналган “ТВ Диско”, Таанып билүү багытындагы илимий популярдуу фильмдер “жаныбарлар дүйнөсүндө” ж.б.

Мындан сырткары, күн сайын кечки саат 19:00дө жана 21:00дө коронавирус илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу багытында атайын адистердин катышуусунда түз эфирдеги маектер уюштурулууда. Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизилгендиктен күн сайын саат 14.10до түз эфирде комендант У.Алиев менен маалымат жыйын өткөрүүдө. Бул маалымат жыйын өлкөнүн дээрлик бардык каналдарынан, облустук медиа борборлордон дагы көрсөтүлүп жатат”,- деп билдирет медиаборбордун жетекчиси Каныкей Жунусова.

Нарын облусунда учурда, өзгөчө кырдаал киргизилди, жалпы 74 адамдан вирус аныкталды.

Чүй облусу

Чүй олустук медиа борборунда туурктуу негизде 20 кызмткер кезмет менен иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө күнүнө 6 сюжет, 8-10 бокс-синхрон даярдап эфирге берүүдө. Мындан сырткары, КРнын ЭлТР телерадиокомпаниясы аркылуу Республикалык штабдын түз эфирлерин толугу менен чагылдырууда.

Жалпы 17 саат эфир көрсөтөт.

Ошондой эле, медиа борбордун жетекчисинин Калыбек Тайтекеевдин айтуусу боюнча, Бишкек шаарындагы борборлоштурулган маалыматтар Чүй облустук медиа борбордун FTP сервери аркылуу жүктөлүп, бардык облустарга жеткирүүгө аракет кылып жатышат. Мындан сырткары КР өкмөтү тарабынан түзүлгөн Жардам штабынын ишмердүүлүгүн активдүү чагылдырып жатат.

Учурда Чүй облусунда 38, ал эми Бишкек шаарында 141 вирус жуктурган учур катталды.

Видео жыйындын жүрүшүндө, бардык жетекчилердин маалыматынан соң, министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков: “Бүгүнкү күндө облустук медиа борборлордун алдында чоң жана өтө жоопкерчиилктүү милдет турат. Андыктан, жаңыдан түзүлгөн медиа борбордун чыныгы күчүн жана оперативдүүлүгүн көрсөтүү, илдет чыккан аймактардан жеринен маалымат берүү абдан маанилүү. Мындай өзгөчө кырдаал учурунда ар бир берилип жаткан так жана туура жана өз убагында болушу керек” деп жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий