• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга жеңилдетилген насыя берүү каралат

Өкмөт 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевдин жетекчилиги астында дүйшөмбү, 17-июлда, «Арзан турак-жай 2015-2020» мамлекеттик турак-жай программасын корординациялоо маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын жыйыны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда өтүп, табигый кырсыктын жыйынтыгында жабыркагандарга турак-жай куруу, курулушу бүтө элек жана турак-жайларын калыбына келтирүү үчүн жеңилдетилген шарттагы насыялоонун механизмдери таныштырылды.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам берүү боюнча Өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди.

«Өкмөттөн жабыркаган эки районго социалдык оъектилерди куруу, жолго, электр линияларын өткөрүүгө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 600 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Ноябрга чейин иштер жыйынтыкталышы керек», - деди ал.

Ошондой эле Мухамметкалый Абулгазиев маалымдагандай, жабыркаган жашоочуларга колдоо көрсөтүү үчүн жеткирүүчүлөр менен болгон келишимдин алкагында жеринде курулуш материалдарын өздүк наркында жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Чоң-Алай районунда 642 үй жабыркаган, анын ичинде 10 үй 5-категорияда жабыркаган, калгандары 3-4 категорияда. Көпчүлүк жабыркаган жашоочулар өздөрүнүн күчү менен жаңы үй курууну баштаган, бирок көпчүлүк жабыркаган жарандар өздүк турак-жайын курулушуна жана ремонттоо үчүн кошумча финансылык каражатка муктаж», - деди биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Чоң-Алай районундагы социалдык объектилердин курулушуна байланыштуу Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, эки мектеп жана эки оорукананын курулушу жүргүзүлүүдө.

«Өзгөн районунда жаратылыш кырсыгынан 1063 үй жабыркаган, анын ичинде 72 үй бүлөнүн турак-жайы жер көчкүнүн астында калган.

«Турак-жайсыз калгандарга биринчи кезекте жардам көрсөтүү керек. Өкмөттүн чечими менен 219 гектар жер Жаман-Адыр, Ана-Кызыл жана Куршаб айылдарынан жеке турак-жай куруу үчүн трансформацияланып берилди. Бүгүнкү күндө бардык жабыркаган жашоочулар курулуш үчүн жер тилкесин алышты», - деп маалымдады ал.

«Чоң-Алай району боюнча 630 үй-бүлө 39 миң сомдон алышты, Өзгөн району боюнча 72 үй-бүлө 100 миң сомдон алышты, 20 млн сом эсепте турат. Бул каражат Өзгөн районундагы жабыркагандарга чиновниктердин катышуусусуз, өздөрү тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлөт», - деп маалымдады биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, жабыркаган райондордун жашоочулары менен болгон жолугушууларда тургундар турак-жай курууга жана калыбына келтирүүгө узак мөөнөттүү жеңилдетилген шартта насыя алууга жардам көрсөтүүнү суранышкан.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыктан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү маселеси боюнча жарандардын катышуусу менен чечим кабыл алынарын билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК, «РСК-банк» жана «Айыл-Банк»ААК тез арада Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыктын жыйынтыгында жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн узак мөөнөттүү насыяларды үстөк пайызын төмөндөтүү менен берүү маселесин кароону тапшырды.

«Биздин башкы милдетибиз – мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн бир методу катары жабыркаган жарандарга жаңы турак-жай куруу үчүн жеңилдетилген шартта узак мөөнөттүү насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Биз жабыркаган жарандарга максималдуу колдоо көрсөтүүбүз керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү буга бардык күчүн жумшайт», -деди биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Пикир

Оставить комментарий