• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга 255,1 млн сомдон ашык каражат бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга 255 млн 149 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюуга жылына 100 млн сом бөлүнөт.

“Бүгүнкү күндө өкмөттүн буйругуна ылайык, 200 миллионго толукталды. Мындан улам жалпы 255 млн 140 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Анын ичинен ӨКМге 209 млн сом 879 миң сом, ТИМге 769 миң сом, Саламаттык сактоо министрлигине 4 млн 976 миң сом, Транспорт жана жолдор министрлигине 994 миң сом, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине 32 млн 700 миң сом, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына 3 млн 800 миң сом берилди. Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 2 млн 739 миң сом бөлүнгөн”, - дейт ал.

Мамбетов коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө каралган каражаттын 151 миң сому сарпталып, 58 млн 844 миң сом калганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий