• 86.25
  • 93.02
  • 1.21

Өзгөчө статустагы ЖОЖдорду өнүктүрүүнүн жол картасы талкууланды

272 кароо Билим 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Эразмус + Улуттук кеңсеси менен биргеликте президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө статус алган жогорку окуу жайлардын ченемдик-укуктук базасын талкуулоо боюнча семинар өткөрдү.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, семинардын максаты жогоруда аталган жарлыкты ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Семинарга билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жана Илим бөлүмүнүн башчылары, Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер жана өзгөчө статустагы ЖОЖдордун ректорлору , проректорлору катышты.

Эскерте кетсек, жарлыкта КРнын төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, каржылык жана академиялык автономия берүү каралган өзгөчө статус берилген:

- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

- Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

- Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;

- Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

- Ош мамлекеттик университети.

Пикир

Оставить комментарий