• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө унаа номерлердин баасы арзандады - өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Сандардын өзгөчө айкалышындагы унаа номерлеринин баасы арзандады. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, онлайн-аукцион өткөрүү аркылуу жана ансыз сатылган автоунаа каражаттары үчүн өзгөчө номердик белгилеринин баасын түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул аракеттер КР Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» Программасынын төмөнкү маселелерин ишке ашырууга багытталган:
- жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы кандай гана болбосун түздөн-түз байланышты максималдуу түрдө жоюу;
- заманбап жана жеткиликтүү инфраструктураны, анын ичинде транспорттук, социалдык, ирригациялык жана санариптик инфраструктураны куруу;
- коррупцияны жоюу жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү.

Онлайн-аукцион аркылуу автоунаа каражаттары үчүн өзгөчө номердик белгилерин сатуу өлкөнүн санариптик трансформация боюнча жалпы улуттук «Таза коом» Программасынын максаттарына жана маселелерине дал келет.

Автоунаа каражаттары үчүн өзгөчө номерлердин бааларын түшүрүү жалпы калкты жеткиликтүү номурдук белгилер менен камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калкка мындай номердик белгилерди алууда көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Онлайн-аукциондун жеңүчүүлөрүнө алган өзгөчө номерлерине сертификат берилет. Бул сертификат анын ээсине автотранспорттук каражатын сатууда номердик белгини мындан ары өзүнө калтырууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий