• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөн: 200 орундуу мектеп пайдаланууга берилип, жаңысы курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Алча-Башат айылынын №86 Кысык-Алма орто мектебинин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылуу аземине министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышты.

Кысык-Алма орто мектебинин 200 орунга ылайыкташкан жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 млн 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда. Учурда мектепте 197 окуучуга 18 мугалим билим жана тарбия берүүдө.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т.Оморкулов атындагы мектебинин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы курулган. Мектептин 1-корпус 2015-жылдын 17-ноябрдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга кептелген болчу. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий