• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Өзгөн” базарындагы өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок-ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 29-июль /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы “Өзгөн” базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү, каза болгондор жана жабыркагандар жок деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, базардагы өрт бүгүн болжолу менен саат 04:50 чамаларында чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматы жана базардын аймагын тосууга райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.

“Саат 07:52де кызматкерлер өрттүн башка жактарды каптап кетпөөсүнүн алдын алышып, ал эми 11:34 толугу менен өчүрүшкөн. Болжолу менен 2 миң квадрат метр жер күйүп кеткен. Өрт өчүрүү кызматкерлери өрттүн базарга жакын жайгашкан үйлөрдү каптап кетпөөсүн алдын алды”,-деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандар жок, өрттүн кесепети иликтенип жатат.

Пикир

Оставить комментарий