• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөн райондук маданият кызматкерлери бюджеттик каражатты мыйзамсыз сарпташкан

Аймак 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Ош облустук прокуратурасы тарабынан Өзгөн райондук маданият бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу сарпталышына текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызмат адамдары 2018-2021-жылдар аралыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жогорулатылган эсеп менен айрым аймактык маданият үйлөрүнүн жетекчилерине мыйзамсыз айлык акыларды төлөп келишкен.

Ошондой эле иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык акыларды чегеришип, акча каражаттарды өздөрү алып жүрүшкөн.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам, мамлекетке жалпы 1 млн 526 миң 859 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий