• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзгөн райондук прокуратурасы 1,5 га жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Өзгөн райондук прокуратурасы 3 млн 250 миң сомдук жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук сотунун 2015-жылдагы мыйзамсыз чечими менен Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон 1,5 га жер аянты Х.М. аттуу жарандын менчиги деп табылган.

Аталган жер аянтынын нарктык базар баасы 3 млн 250 миң сомду түзөрү райондук прокуратуранын текшерүүсүндө аныкталган. Ошондой эле Өзгөн райондук прокуратурасы мыйзамсыз кабыл алынган соттук чечимди жокко чыгаруу боюнча жогорку соттук инстанцияга сунуш келтирип, ал эми мыйзамсыз чечимдин негизинде түзүлгөн келишим жана кабыл аланган мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу боюнча доо арыздары менен жергиликтүү сотторго кайрылган.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен келтирилген сунуш жана доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында прокурордук сунуштун негизинде 1,5 га жер аянты кайрадан Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий