• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөн районуна чыгыш стилиндеги заманбап базар куруу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусунун аймагындагы архитектура адистери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында райондорго бийик кабаттуу турак жайларды куруу, иретсиз салынган базарлардын ордуна заманбап шарттары менен соода-жайларды куруу, келечекте алыскы райондорго чейин темир жол курууга аракет кылуу жана саркынды сууларды тазалоочу жайларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Андан тышкары, Ѳзгөн районундагы жол тыгынын түзгөн, өрт коопсуздугу жакшы сакталбаган, иретсиз салынган базарлардын ордуна бардык шарты бар, чыгыш стилиндеги заманбап базарды маселелери да айтылды.

"Ошондой эле Ѳзгөн шаары Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыктан туризмди өнүктүрүүгө бардык шарты менен мейманкана, жол жана башка кооз имараттар курулушу керектигин айтты", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий