• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөн районунда 2 кабаттан турган хатибият курулууда

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20 /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинин түштүк тарабында жаңы заманбап диний имарат (хатибият) курулууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын курулуш иштеринин жүрүшү менен облус казысы Самидин кары Атабаев жана казыят кызматкерлери кабар алды. Хатибият 2 кабаттан 7 бөлмөдөн турат. Анын бет маңдайына кошумча 2 кабаттан турган диний окуу борбору дагы курулууда.

«Буга чейин казыятты куруп бүтүп, эми болсо хатибияттарды куруп баштадык. Мындан бир канча күн мурун Араван районунда курулуп жаткан хабияттан кабар алган элек. Кудай буюрса бул имараттын курулуш иши аяктаса элибиздин диний сабаттуулугун жоюуда чоң кызмат өтөмөкчү», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Демилге Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев жана борбордук мечит имамы тарабынан көтөрүлүп, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

«Мурдагы хатибиятыбыз чакан гана болчу. Кызматкерлерибиздин бардыгы бир бөлмөдө иштешчү. Бири-бирибизге тоскоолдук жараткандыктан айрыкча ажылыка каттоо иштеринде кыйналчубуз. Жараткан Алла Таалам насип кылса ушул жылы хатибиятты соңуна чыгарып алсак, ыңгайлуу шартта ишибизди улантмакчыбыз», — деди Акжол ажы Козубаев.

Пикир

Оставить комментарий