• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөн районунда 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Р.Конкошев атындагы жаңы курулушу аяктаган мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, КРнын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, КР президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Жумаев, белгилүү тарыхчы-журналист Кыяс Молдокасымов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Раматов жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жаңы мектептин имараты заманбап 375 окуучуга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 66 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий