• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөн районунда 84 айыл санариптик телеберүү менен камтылган

Аймак 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Өзгөн районунда 103 айылдын ичинен 84ү санариптик телеберүү менен камтылган. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, бул тууралуу 3-апрелде Өзгөн райондук активи менен жолугушууда РПО РМТР өкүлдөрү маалымдашкан.

“Бул жолугушуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган санариптик кербендин алкагында өттү”, - деп билдиришти басма сөз кызматы.

РПО РМТР белгилегендей, калган 19 айыл баскыч-баскычы менен КРда санариптик телерадиоберүүгө өтүү мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген планга ылайык кошулат.

Анын ичинде 1-баскычта 15-майга чейин Өзгөн районунун Ак-Терек, Зергер, Көлдүк жана Жалпак-Таш айылдарында 4 санариптик автоматтык телекөрсөтүү ретранслятору (САТР) орнотулат.

2-баскычында Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Чангет-Сай, 15-Жаш, Алтын-Булак айылдарында 5 САТР орнотулат.

Ошол эле учурда САТР орнотулганга чейин аталган 19 айылда аналогдук телеберүү өчүрүлөт.

Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев жолугушууда апрелдин башына карата СТБ кошулгандар 48 миң 779 үй чарбасы экендигин жана бул жалпы 56 миң 575 үй чарбасынын 86%ын түзөрүн белгиледи.

326 санарип менен камтылбаган айылдардын катарына кирген Саламалик жана Ак-Терек айылдарынын тургундары менен жолугушууда КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова айылдарда САТРга кошуу жашоочулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык ЖМКлар менен биргеликте өтүп жатканын айтып берди.

Айылдыктардын суроосуна жооп берген А.Темирбекова: “Телеканалдардын социалдык пакети акысыз болот. Коммерциялык берүү пакеттери да акысыз болуп калат деп ишенебиз”, - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Маалымат: Өзгөн району 19 айыл аймагынан жана 1 шаардан турат. Калкынын жалпы саны 160 миң адам.

Пикир

Оставить комментарий