• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзгөн районунда эки жерде жер көчкү жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Өзгөн районунда эки жерге жерге кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-март күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесинде 2 жерден жер көчкү түшкөн (көлөмдөрү болжол менен 110 м3 жана 35 м3).

Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, жана жеринде тартылган куткаруучулар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жабыркагандар жок. Турак үйлөргө коркунуч жок жана зыян келтирилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий