• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөн районунда элдин көйгөйлүү маселелерин чечүү тапшырмалары берилди

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кечээ, 11-апрелде КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жана облустук жана райондук мекеме жетекчилери Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында айыл чарба, жайыт, электр энергиясы, жол жана башка тармактагы көйгөйлүү маселелер боюнча кайрылышты, Ош облусунун башчысы тиешелүү жетекчилерге жарандардын көйгөйлөрүн чечүү тууралуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, буга чейин 11-апрель күнүнүн биринчи жарымында КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушуу өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий