• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөн районунда Коомдук алдын алуу борборунун имараты колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-августунда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) ачылышы болду.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, имарат “Милиция менен элдин социалдык кызматташтыгы” долбоорунун негизинде курулган.

Ачылыш аземге Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Рахымбек Мырзакулов, Өзгөн РИИБдин өздүк курамы, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, жаштар комитетинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жеңишбек Абитов өз сөзүндө Коомдук алдын алуу борборунун калктын бейпил жашоосу үчүн орду чоң экендигин белгилеп, мындай иш аракеттерди дагы да жандандыруу үчүн биргеликте аракеттенүүгө чакырды.

Мындан сырткары, КААБдын имаратынын курулушуна колдоо көрсөткөн Улуу Британиянын Saferworld UK эл аралык уюмуна, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондуна ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Өзгөн РИИБдин өздүк курамынын арасынан жигердүү иш алып баруусу менен айырмаланган кызматкерлерге ардак грамота жана төш белгилерди ыйгарды.

Коомдук алдын алуу борбордун имаратынын курулушу үчүн Куршаб айыл өкмөтү 966 миң 744 сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары, КААБ куруу программасынын алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы коомдук тартипти коргоо жана баңги заттарын козөмөлдөө боюнча каржылык корсөтүү бөлүмү 520 миң 949 сом көлөмдөгү акча каражаты жардам катары берилген. Офистик жабдуулар комплект түрүндө жеткирилип, кабинеттердин эмеректерине 279 миң 950 сомдук каражат берилген.

Алдыда КААБдын иш графигинин түзүлөөрү менен жарандардын кайрылууларын арыз жана оозеки түрүндө кабыл алып, каттоо, көйгөйлөрдү чечүүдө, жергиликтүү калкка практикалык жардам көрсөтүү, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушуулар уюштурула баштамакчы.

Белгилей кетсек "Милиция менен калктын социалдык өнөктөштүгү" долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун (анын ичинде диний лидерлердин, аялдардын жана жаштардын) ортосундагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн ишенимдүү өнөктөштүктү түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий