• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөн районунда жер көчкүнүн астында калган жаран табылды

Аймак 0

Бишкек, 16-апрель /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында узуну 70 метр, туурасы 50 метр бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21000м³ түзгөн жүргөн жер көчкү түшүп, бир турак үйдү ичиндеги үй ээси менен кошо басып калган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 16-апрель күнү саат 08:10 чамасында КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин башчылыгы астында көчкү алдында калган адамды издөө-куткаруу иштери улантылып, ага КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 даана жүктөгүч жана 1 даана экскаватор, райондук ИИБдин 10 кызматкери курчоого алып, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 36 куткаруучу, кошумча жергиликтүү тургундардан 10 жаран тартылган. Натыйжада, саат 09:30да жер көчкүнүн алдында калган адамдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп беришти.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий