• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөн районунун борбордук базарларында айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб, Жылалды жана Мырза-Аке айыл аймактарынынын базарларында ошондой эле борбордук базарларында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилиги билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, жарманкеде айыл чарба азык-түлүктөрү дүң баада сатылууда.

"Азык-түлүктүн баалары кескин түрдө кымбаттаганына байланыштуу республиканын региондорунда жарманкелерди уюштуруу демилгесин министр Тилек Токтогазиев көтөргөн. Жарманкелерди уюштуруунун максаты аймактык тургундар азык-түлүктөрдү дүң баада сатып алуусуна мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий