• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөн районунун Прогресс айылында 150 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.20 /Кабар/. Кечээ, 17-январь күнү Өзгөн районунун (Ош облусу) Прогресс айылында 2 кабаттуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бала бакчаны жеке ишкер ачкан. Ал 150 орунга ылайыкташкан. Учурда ага 80 бала кабыл алынган.

Бала бакчанын ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышкан. Ал ачылыш учурунда сөз сүйлөп, өкүлчүлүк айыл инфраструктурасын жакшырткан, жумушчу орундарын түзгөн, айылдарда бала бакчаларды ачкан инвесторлорду колдой турганын белгилеген.

Белгилей кетсек, Өзгөн районунда жалпы 68 бала бакча болуп, алар райондогу балдардын 35%ын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий