• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ѳзгѳн районунун шайлоочулары мекенчил Сооронбай Жээнбековду колдойт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Ɵзгɵн районунда шайлоочулар менен баарлашып, аларга кайрылуу жасагандан кийин, талапкер тууралуу айтылган ойлор тɵмɵндɵ кетилтирилген:

Абдулла ЭРМЕКБАЕВ, район тургуну:

- Сооронбай Жээнбековду колдогонумдун себеби, ал сɵзү менен иши айкалышкан адам. Кээ бирлердей болуп асмандагы жылдызды алып берем дебейт, реалдуу, колунан келе турган иштерди гана жасайт. Ɵкмɵт башчы катары да экономиканы ɵстүрүү, социалдык маселелерди чечүү багытында зор иштерди аткарды. Тажрыйбасы мол, инсан катары да мыкты, жɵнɵкɵй, эл деген адам. Менин ишенимимде, Сооронбай Жээнбеков президент болуп калса, жебей, уурдабай, ак ниеттүүлүк, адилеттүүлүк менен таза иштеп берет.

Эркинбек ИБРАХИМОВ, район тургуну, жеке ишкер:

- Сооронбай Шарипович каерде иштебесин, чын дилинен, ак ниеттүүлүк менен иштеп, натыйжаларды жаратып келген. Оштун губернатору, айыл чарба министри, ɵкмɵт башчы катары да жемиштүү иштеди. Жаштарга кɵңүл буруп, аларды мамлекеттик башкаруу иштерине тартып жаткандыгы кубандырат.

Айыл чарба тармагында кадимкидей жылыш кылып, жакшы кɵрсɵткүчтɵрдү камсыз кыла алганы мактоого арзырлык. ЕАЭБдин алкагында кɵп иштер аткарылды, Сооронбай Жээнбековдун жетектɵɵсүндɵ экономикалык биримдиктин үзүрүн кɵрɵ баштадык. Экспорттун кɵлɵмү ɵстү, ɵлкɵбүздɵ ɵндүрүлгɵн продукциялар сыртка экспорттоло баштады. Бул эң жакшы жетишкендик да. Эми президент катары ушул иштерди ɵз кɵзɵмɵлүнɵ алып, андан ары жылдырса, менимче, экономикабызда сезилерлик ɵсүштɵр болот.

Аттокур БУСУРМАНКУЛОВ, район тургуну:

- Сооронбай Жээнбековду мурдатан билем, бирге иштешип да калганбыз. Табиятынан мамлекетчил адам, дайыма эл деп турат. Кээ бирлердей кызматтык абалынан пайдаланып, капчыгын кампайтайын, ɵздүктɵйүн, бизнес кылайын дегендерден эмес. Андай нерсе бул кишиге жат. Каерде иштебесин ак, таза, жоопкерчилик менен иштеди. Ошол себептен мурда эле анын президенттикке татыктуу экенин айтып, талапкерлигин койсо колдоорумду айтчумун. Мына эми талапкер болуп олтурат. Ɵзүм, үй-бүлɵм менен колдоого алып, анын президент болуп калышына аз да болсо салымымды кошойун деп, башкаларды, айыл элин үгүттɵп жүрɵм. Кыргыз эли Сооронбай Жээнбековду шайлап алса, эч жаңылбайт.

Ирсалат КАСЫМАЛИЕВА, Ɵзгɵн районунун тургуну:

- Талапкерлердин ичинен эң татыктуусу – Сооронбай Жээнбеков. Анткени, ал тажрыйбалуу саясатчы, жетекчи, бардык кызматтык тепкичтерди басып ɵткɵн. Элге жакындыгы, жɵнɵкɵйлүгү, оор басырыктуулугу менен башка талапкерлерден айырмаланат. Мени ɵзгɵчɵ ыраазы кылганы, канча жылдан бери жогорку кызматтарды аркалап келатса да, мамлекеттин казнасына кɵз артпай, атын булгабай ак иштеп келаткандыгы. Мындай адамдарды Кыргызстандан табыш ɵтɵ кыйын. Кээ бирлердей болуп чуулгандуу, шектүү иштерге да аралашкан эмес. Бул жагынан алганда, анын Кыргызстандын президенти болууга моралдык укугу чоң. Ошондуктан аны президент кылып шайлап алуу кыргыз элинин милдети деп айтар элем. Эл күткɵн, кɵпчүлүктүн суроо-талабына жооп берген талапкерди бир добуштан шайлап алалы.

Умарулла НИГМАТОВ, район тургуну:

- Алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жеңишке жетишине тилектешмин. Мен анын атасы Шарип аке Жээнбеков менен иштешип калдым. Кара кылды как жарган калыстыгы, кɵрɵгɵчтүгү, ак сɵɵктүгү бар мыкты адам эле. Андай сапаттар анын балдарында да бар. Балдары да атасындай элге жакын, мамлекет үчүн кызмат кылган адамдардан болуп чоңоюшту.

Сооронбай Жээнбековду эң татыктуу талапкер деп эсептейм. Ɵзгɵндүн элинин кɵпчүлүгү аны колдоп жатат. Ошондуктан президент болуп шайланарынан шек санабайм. Эл андан чоң реформаларды, натыйжаларды күтɵт.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 24.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий