• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөн районунун тургундары Кореяда жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышты

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору Кореяга айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга КР жарандарын уюшкандыкта жалдоо жана ишке орноштуруу жөнүндө келишим түздү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, келишимге кол коюу аземи Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору, Түштүк Кореянын Хамянг шаарынын мэриясы жана Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясынын ортосунда онлайн форматта өттү.

Иш-чарага ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева катышты.

"Министрлик ошондой эле быйыл Улуу Британияда Кыргызстандын жарандарына миң жумуш орун берүү жөнүндө келишим түздү, биз бул жаатта дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү менен кызматташуубузду мындан ары да өнүктүрүүнү көздөп жатабыз", - деди ал.

Түзүлгөн келишимдин алкагында Өзгөн районунун 70 тургуну Айыл чарба тармагында 5 айга чейинки мөөнөткө ишке орношуу үчүн Корея Республикасынын фермаларына барууга мүмкүнчүлүк алышат.

Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору мындан ары да жарандарды ишке орноштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен жаңы эмгек рынокторун ачуу боюнча иштөөгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий