• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында издөө иштери уланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында издөө иштери уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 000 м3 болгон жер көчкү түшүп, 11 турак үйдү басып калган (4 турак үйдө эч ким жашаган эмес). Маалымат боюнча 24 адам жер көчкүнүн астында калган.

Издөө иштерне КР ӨКМнин Республикалык өзгөчө куткаруу отрядынан 78 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 32 куткаруучу, КР ӨКМнин Ош облустук КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучулар, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, КР РИИМден 10 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (Улуттук гвардия), Ош шаарынан аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, райондук медицина бөлүмүнөн 5 кызматкер, райондук архитектурадан 4 кызматкер, РЭТнан 5 кызматкер, райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор тартылган.

2017-жылдын 1-май күнү саат 07:45тен тартып издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай жыйынтык болбогондуктан саат 19:30 издөө иштери убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий