• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ϴзгөн районунун жарандарына акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди

Аймак 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-июнунда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун ϴзгөн районундагы Шагым, Эрдик, Куршаб, Кызыл-Октябр, Эски-Покровка жана Кара-Таш айылдарынын жарандарына 82 акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуулар К. Эрматов жана Н. Бектемиров атындагы орто мектептердин базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

21-июнда “Тилектештик автобусунун” адистеринин калк менен жолугушуусу түшкө чейин Ош облусунун ϴзгөн районунун Кызыл-Кырман айылында, ал эми түштөн кийин - Чынбай айылында И. Базаркулов жана Т. Сарыков атындагы орто мектептердин базасында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий