• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөн районунда 118 чатыр тигилди

Аймак 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчкү коркунучу бар аймакта жашагандар үчүн 118 чатыр тигилди. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси майор Дайырбек Каримов билдиргендей, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 61 жайкы чатыр орнотулду.

“Бүгүнкү күнү куткаруучулар тарабынан жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган 61 үй-бүлө үчүн Курбу-Таш айылында 61 чатыр орнотулду. Белгилүү болгондой, 23-апрелден тартып 61 турак үйгө коркунуч жараткан көчкү кыймылдап баштаган. Аларды көчүрүү чечими кабыл алынган. 15 үй-бүлө чатырларда жашап жатышат. 18 үй-бүлө туугандарыныкында жашап, калган 28 үй-бүлө чатырларга көчүрүлөт. Ошондой эле, Зергер айыл аймагынын Аюу айылында 30 беш орундуу чатыр орнотулган. Зергер айылында дагы 27 чатыр тигилди. Ошентип, Ош облусунун Өзгөн району боюнча коопсуз аймактарда жалпысынан 118 чатыр орнотулду”, - деди Д.Каримов.

Пикир

Оставить комментарий