• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөн шаарында 25-сентябрда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылат

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өзгөн шаарында 25-сентябрда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Юстиция министрлигине караштуу 27 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору иш жүргүзүп келет.

"Ушул жумада, 25-сентябрда Ош облусунун Өзгөн шаарында дагы бир акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылат. Аталган борборго каалаган жарандар кайрыла алат", - дейт ал.

Рыскулова кошумчалагандай, укуктук жактан акысыз кеңеш алгандардын саны жыл сайын өсүүдө.

"Алсак, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 80 миң 881 адам, 2018-жылы 46 миң жаран акысыз юридикалык жардам алган", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий