• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзгөн шаарында үч кабатуу оорукананын курулуш иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Өзгөн шаарында үч кабатуу оорукананын курулуш иштери жүрүүдө, - деп билдирет президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери менен Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов таанышып, курулуштун сапатына көңүл буруу керектигин билдирди.

“Өзгөн шаарынын тургундары үчүн жаңы оорукана курулуп жатканы жакшы жөрөлгө. Бул аркылуу мурдагыдай кезек күтүү сыяктуу көйгөйлөрдөн арылабыз деп ойлойм. Курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруңуздар, бейтаптарды дарылоо үчүн жакшы шарт түзүлүшү керек”, - деди Ош облусунун башчысы.

Аталган үч кабаттуу оорукананын курулуш иштери 2020-жылдын аягында башталган. 2021-жылдын 25-ноябрь күнү пайдаланууга берүү пландалууда. Жаңы курулуп жаткан поликлиниканын жер төлөөсүндө Рентген, флюрография, актовый зал жана башка канаалар жайгашат.

1-кабатта: ҮБДТнын канаалары, каттоочу жай, процедуралык бөлмө орун алат.

2-кабатта: ҮБДТнын дарыгерлери үчүн бөлмөлөр, кабыл алуу, инфекциялык контролдун жана медициналык каражаттарды сактоочу бөлмөлөр жайгашат.

3-кабатта: Администрация, статистика жана эсеп бөлүмү орун алат.

Пикир

Оставить комментарий