• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзгөн шаарында террордук уюмдун активдүү мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн шаарында Сирияда болуп жаткан согуштук аракеттерге көмөктөшүп жүргөн террордук уюмдук активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Сирияда куралдуу кагылышууга катышып жаткан “Таухид валь Жихад” диний террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү Өзгөн шаарынын тургундары 1999-жылы туулган А. уулу А. жана 1996-жылы туулган Ф. уулу К. кармалды

Шектүүлөр аталган диний террордук уюм менен тыгыз байланышта болушуп, ал жактан берилген тапшырмаларды аткаруу аракеттеринде жүргөн жана интернет тармактары аркылуу жана жашоочулар арасында террордук уюмдарга көмөктөшүү боюнча үгүттөө иштерин алып барып, экстремисттик материалдарды жайылтып жүрүшкөн.

Кармалгандар Сириядагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Ош шаардык аэропорттунан Туркия мамлекеттинин аймагына учуп барып, согуш талаасына өтүүгө аракет жасап, бирок өтө албай кайра Кыргызстанга кайтып келгендиги тууралуу ыкчам маалыматтар болгон.

Учурда кармалган жарандардын үстүнөн ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий