• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөн шаарынын калкына таза жана саркынды суу курулмасын куруу долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов Өзгөн районундагы иш сапарынын алкагында Өзгөн шаарынын калкы үчүн таза суу жана саркынды суу курулмасынын куруу долбоорун талкууга катышты. Бул тууралуу КР президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзгөн районунун акими, Өзгөн шаарынын мэри жана тиешелүү адистер катышты.

Зиядин Жамалдинов тиешелүү жетекчилерден аталган долбоор эмне үчүн токтоп турат деген суроо салды. “Өзгөн шаарына таза суу тартуу жана саркынды суу курулмасын куруу долбоору 2017-жылы башталып, 2021-жылы ишке кириши керек эле. Эмне үчүн аткарылбай жатат? ”,- деди Ош облусунун башчысы.

Тиешелүү кызмат жетекчилери аталган долбоор этап менен аткарылын жатканын, анын алкагында керектүү техникалар алынып, азыр насостук станцияларды жаңылоо жана долбоорду аткаруучу компанияларга тендер жарыяланганын билдиришти.

Зиядин Жамалдинов Өзгөн шаарынын калкын таза сууну тартуучу компанияны тандоого бир ай убакыт, ал эми саркынды суу курулмасынын куруу долбоорун аткаруучу компанияны тандоого бир жума убакыт берип, тезинен курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Маалымат үчүн: Өзгөн шаарынын калкын таза суу менен камсыздоодо суу түтүктөрүн жаңылоо максатында Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Өзгөн шаарынын таза суу түтүктөрүн реабилитациялоо жана саркынды суулар курулмасын куруу боюнча чечим кабыл алынган. Саркынды суулар курулмасын куруу үчүн 4,7 гектар жер бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий