• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөн шаарынын мэри мыйзамсыз жер бергендиги боюнча айыпталууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Өзгөн шаарынын мэри мыйзамсыз жер бергендиги боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын текшерүүдө, Өзгөн шаарынын мэри К.Н.Т. 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 чарчы метр жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныкталган.

Бул фактылар боюнча райондук көзөмөл органы тарабынан сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, прокуратура тарабынан К.Н.Т. карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген.

Учурда кылмыш иш сотто каралууда.

Ал эми райондук прокуратура тарабынан жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий