• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөн шаарынын жана Куршаб айылынын жашоочуларына бекер беткаптар таратылды

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/.Өзгөн райондук милициясынын демилгеси менен Өзгөн шаарынын жана Куршаб айылынын жашоочуларына бекер беткаптар таратылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун аймагында коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо жана коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл көп чогулган жерлерде, базарларда, соода түйүндөрдө санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

“Атайын түзүлгөн мерчемдин жана багыттардын негизинде эрте мененки саат 7ден кечки саат 19га чейин Өзгөн шаарынын аймагында жөө жана авто кайгуулдар уюштурулуп, милиция жана аскер кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында 7 багытта иш алып барышууда. Ар бир кызматка тартылган кызматкерлерге РИИБдин жетекчилиги тарабынан нускамалар өтүлүп, мыйзамдуулукту жана санитардык-карантиндик эрежелерди так сактоосу боюнча эскертүүлөр берилүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматынан белгилешкендей, мындан тышкары Өзгөн РИИБинин демилгеси менен Өзгөн шаардык мэриясы, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте райондун аймагындагы Куршаб айылынын жана Өзгөн шаарынын тургундарына 600дөн ашуун беткап бекер таратылып, санитардык эрежелерди сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий