• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзгөн: Турак жайы бүтпөй калган жарандарга мобилдик үйлөр жеткирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. Өзгөндөгү турак жайлары толук бүтпөй калган жарандарга 8 мобилдик үй жеткирилип берилди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

“Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аю айылына жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга берилген мобилдик турак үйлөрдөн 1 (бир) бөлмөлүү 8 (сегиз) даанасы 18-декабрда КР ӨКМнин 4 даана оор жүк ташуучу унааларына жүктөлүп, турак жайлары толук бүтпөй калган жарандарга (4 даанасы Куршаб айылына, 4 даанасы Ынтымак айылына) жеткирилип берилди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий