• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел сууларынан тазалоо иштери жүрүп жатат

Кырсык 0


Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел сууларынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма өз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунду кечээ, 27-майда саат 19:30 чамасында Салам-Алик айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдорун каптап 1 турак үйгө сел кирип, дубалын 1,3м бийиктике чейин кум аралаш масса каптаган жана 18 турак үйлөргө кооптулук жаралган. Жогору аталган турак үйлөрдүн тургундары, туугандарына көчүрүлгөн.

Ошондой эле Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылында ички жолдун 150м аралыгын жана 20 турак үйдүн короосун каптаган. Бүгүн жерине тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана Өзгөн РМАнын башчысы акимдин орун басары, "Өзгөн Энергоуголь" ишканасынан 1 жүктөгүч, 3 самосвал, №5 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 экскаватор, 10 самосвал тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Ал эми алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 12:00 чамасында Кара-Суу районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүп, Баш-Булак айылында үйлөргө суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу малымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий