• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөндө 1000ден ашык адамга ооз ачуу уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Кечээ, Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы “Абдираим кары” медресесинде 1000ден ашык адамга ооз ачуу уюштурулду. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондун аймагынан чакырылган 1000ден ашуун тургундар катышышты. Анын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы тургундарды рамазан айы менен куттуктап, орозонун пайдалары тууралуу кеңири баян жасап берди. Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов бардык катышуучуларды орозо айы менен өкмөттүн атынан куттуктап, жалпы элге тынчтык, ынтымак жана биримдик каалады.

Пикир

Оставить комментарий