• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзгөндө 20 000ге чукул адамдын катышуусунда айт намазы окулду

Аймак 0

Бишкек, 26-июнь /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Ош облусунун Өзгөн районунун борбордук аянтында 20 000ге чукул адамдын катышуусунда Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов, Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, райондун аймагынан жана Өзгөн шаарынан келген тургундар катышышты.

Айт намаздын алдында Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жалпы райондун элин орозо айт майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө “Орозо – сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана аруулануунун айы. Быйылкы рамазан айы жылдын эң узак жана аптаптуу күндөрүнө туш келип олтурат. Ошого карабастан, күндүзү орозо кармап, түнкү убактысын ибаадат менен өткөрүп, бардык кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңүүгө ортоктош болот. Орозонун шарапаты менен жетимдер, кедейлер жана оорулардын абалы суралып, кайрымдуулук колун сунгандарга эселеп сооптор берилүүчү күндөрдө турабыз! Андыктан, бул майрамда көз-жашка толгон көздөр кубанып, оорулардын көңүлдөрү жубатылып, чөккөн көңүлдөргө кубаныч тартууланып, таарынышкандар кечиришип, шаттыкка шаттык кошулууга тийиш!"- деп белгиледи.

Ал эми КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов да жалпы элди айт майрамы менен куттуктап, "Өлкөдө тынчтык орноп, элибиз бейпилдикте өмүр сүрсүн. Эл ичинде ынтымак орноп өлкөбүзгө кут консун. Кармаган орозобуз кабыл болсун. Бардык ниеттерибизди Аллахым өзү кабыл кылсын",-деген тилектерин айтты.

Андан соң саат 7:00дө облус казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде айт намазы окулду. Соңунда маркумдарга багышталып Куран окулуп, келген конокторго уюштуруучулар тарабынан атайын белектер таратылды.

Эскерте кетсек, кечээ Ош облусунун аймагында 229 мечитте жана Өзгөн районунун борбордук аянтында айт намаздары окулду.

Пикир

Оставить комментарий