• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө 50 ашуун турак-жай чөгүп кетүү коркунучунда турат

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ош облусунун Өзгөн районундагы турак-жайлардын жана башка курулуштардын суу астында калуусунун алдын алуу боюнча чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, республиканын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга байланыштуу маселелер Өкмөттүн ишиндеги бирден-бир маанилүү багыттардан болуп саналат.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тыкыр талдоолорду үзгүлтүксүз негизде жүргүзүп туруусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Премьер-министрге учурда Өзгөн районунда Кара-Дарыя дайрасынын ташкындоосунан улам 200 гектарга жакын айдоо аянты суу астында калып, ал эми 50 ашуун турак-жай чөгүп кетүү коркунучунда тургандыгын маалымдады.

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго абал менен жеринде таанышып, турак-жайларды сактап калуу иштерин жеке көзөмөлгө алуусун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий