• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөндө 6 миң калкы бар айыл таза суу менен камсыз болду

Аймак 0

Ош, 05.09.19 /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылындагы калктын 95 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу Өзгөн райондук администрациясынан билдиришти.

Аталган айылга алгач ирет таза суу 1974-жылы тартылып келген. Жергиликтүү тургундарды таза суу менен толук камсыз кылуу максатында кошумча 18 млн. сом бөлүнүп, араб инвесторлору жана жергиликтүү калк менен биргеликте 7 чакырым жерге суу түтүктөрү тартылган. Бүгүнкү күндө айылдын 95% тургуну таза суу менен камсыз болду.

Мырза-Арык айылы Кароол айыл өкмөтү боюнча калкы 6553 адамды түзгөн эң чоң айыл. Кароол айыл өкмөтүнө үч айыл кирет: Мырза-Арык, Шералы жана Орто-Арык.

Пикир

Оставить комментарий