• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөндө 60 миң сомдук малды уурдоого шектелип эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда 60 миң сомдук малды уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-мартта милиция бөлүмүнө Өзгөн шаарынын Жаштык көчөсүнүн 39-жаштагы Н.У. аттуу тургуну 5-марттан 6-мартка караган түнү өзүнүн мал сарайында байланып турган кара-күрөң түстөгү үч жашар кунажыны уурдалганын айтып, арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 60 миң сомго чыгым болгон.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Өзгөн районунун Заргер айылынын 20 жаштагы У.А. аттуу тургуну жана Жаңы Өзгөн айылынын 21 жаштагы Б.Ы. аттуу тургуну кармалган. Шектүүлөр Өзгөн районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмышка тиешеси бар экендиги жөнүндө тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий