• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө бүгүнкү күндө 241 үйдүн курулушу башталган

Аймак 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Өзгөн районундагы табигый кырсыктан улам Ана-Кызыл участкасына көчүрүлгөн элдин абалынан жана курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет жана демөөрчүлөрдүн эсебинен салынып жаткан турак үйлөрдү көрүп чыгып, сапатына баа берди. Андан сырткары элди кышка чейин үйлөрүнө киргизүүнү уюштуруу жагын жергиликтүү бийликке милдеттендирди. Бөлүнүп берилген жаңы чектерге кооптуу участокто жашап жаткан элди көчүрүп чыгаруу тапшырмасын койду.

Жалпы Өзгөн районунун аймагында бүгүнкү күндө 241 үйдүн курулушу башталган, анын ичинен 117 үй-бүлө пайдубалдарын бүттүрдү, 75 үйдүн дубалы курулуп, 49 үйдүн чатыры жабылган. Өзгөн району боюнча кооптуу участкадан көчүп келе турган жабыр тарткан жарандарга 740 чек бөлүнүп берилген. Арзан баадагы курулуш материалдары менен камсыз кылуу үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Ана-Кызыл участкасына сметасы 26 млн 430 миң сомго биринчи этап менен 70 метр тереңдиктен ичүүчү таза суу чыгарылып, насостор орнотулуп, таза суу берилген. 34 даана электр мамычасы орнотулуп, 400 кВт кубаттуулуктагы трансформатор коюлган. Айылда болжолдуу сметалык баасы 56 млн сомдук 275 орундуу мектептин курулушу башталган. Узундугу 3 км ички чарбалык жолдор курулуп, шагыл төшөлүп, жол салуу жана шагыл төшөө жумуштарына 2 млн. сом акча каражаты жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий