• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө бир кылымдан бери турган мектеп жаңыдан курулуп, колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында бир кылымдан бери турган мектеп жаңыдан курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Жээнбек Маматжанов атындагы №58 орто мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталган. “Эрказ” компаниясы республикалык бюджеттен бөлүнгөн 78 млн сомго мектептин негизги окуу корпусун куруп бүттү.

Мектеп 275 орунга ылайыкташтырылган. Окуу жайда 16 класстык бөлмө, ашкана, жыйын залы бар.

Мындан сырткары, дагы бир мектеп жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жаңы 2 кабаттуу имараты ачылды.

Белгилей кетсек, Ош облусунда жаңы окуу жылында жалпысынан 10 мектеп колдонууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий