• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзгөндө чоң энесин бычак менен сайган 22 жаштагы жигит изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун милиция кызматы чоң энесин бычак менен сайган 22 жаштагы жигитти издөөдө. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда саат 10:33төр чамасында Өзгөн аймактык ооруканасынан милиция кызматына 70 жаштагы М. А., аттуу кемпир учтуу буюмдан денесинен жаракат алып, медициналык жардамга кайрылгандыгы кабарланган.

Маалымат боюнча, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анда окуя 12-декабрда Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө болгондугу аныкталып, 22 жаштагы Ж. уулу Э., аттуу бала эч себепсиз ашканадагы бычак менен 70 жаштагы чоң энесинин көкүрөк тарабына бир жолу сайып жибергендиги маалым болгон.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жабырлануучуга Өзгөн аймактык ооруканасында операция жасалып, хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий