• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөндө дүкөндүн кампасынан өрт чыгып, муздаткыч жана кир жуугуч машиналар күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Үй тиричилик техникалары” дүкөнүнүн кампасындагы 20 даана муздаткыч жана кир жуугуч машиналар күйгөн. Кырсык кечээ, 23-сентябрда болжол менен саат 11:42лер чамасында катталган, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 3 бөлүм тартылып, өрт саат 13:11де чектөөгө алынып, 14:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий