• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөндө эки жашар кыз сууга агып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 6 июля /Кабар/. Куткаруучулар сууга чөгүп кеткен 4 адамдын сөөгүн издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Лесхоз айылында 5-июлда саат 15:00 чамасында Бозала-Бостон каналындагы сууга 2 жашар кыз кулап кеткен. Куткаруучулар кыздын денесин саат 22:50 чамасында табып, аны ата-энесине берген.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 33 жаштагы эркек киши изделүүдө. Ал Жаңы-Жол айылындагы сууга 4-июль күнү күндүз агып кеткен.

Ошондой эле, 4-июлда Чаткал районундагы алтын иштетүүчү ишканалардын биринин кызматкери сууга агып кеткени кабарланып, аны издөө иштери уланып жатат.

Куткаруучулар Чүй облусунда 2-июлда БЧК суусуна агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн денесин издешүүдө. Издөө иштери Ново-Покровкадан Сары-Жонго чейин изделип жатат.

5-июлда Бишкек аркылуу аккан БЧК суусуна 27 жаштагы эркек киши агып кеткен. Издөө иштери уланууда.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей жыл башынан бери Кыргызстанда ар кандай кырдаалда 57 киши сууга аккан. Алардын 5 аял, 16сы балдар.

Кырсык өзгөчө Чүй облусунда катталган-16 адам сууга акса алардын 2сү Бишкектен болгон. Ош жана Жалал-Абадда сууга аккан 11 окуя катталган. Таласта-6, Ысык-Көлдө- 5 жана Нарында 1-адам сууга аккан.

Пикир

Оставить комментарий