• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзгөндөгү Кара-Дарыянын жээгинде 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы Кара-Дарыянын жээгинде 1991-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жалпы эки куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий